Жанылыктар

Баткен облусунун ишкерлери менен жолугушуунун жыйынтыктары

2026-02-12 04:00
2026-жылдын 11-февралында Баткен шаарында ЧОИ-2030 программасын даярдоонун алкагында ишкерлер (өнөр жай, соода, туризм, айыл чарба) менен көчмө эксперттик жолугушуу болуп өттү.

Талкуунун жүрүшүндө аймак үчүн негизги маселелер белгиленди: тоо-кен тармагын жана чек ара аймактарын өнүктүрүү, жеке ишкерлер жана өз алдынча иштегендер үчүн жеткиликтүү пенсиялык механизмдердин зарылдыгы, шахтёрлордун социалдык коргоосун күчөтүү, кайра иштетүү жана кластердик долбоорлор аркылуу жумуш орундарын түзүү.

Ишкерлер ошондой эле системалуу көйгөйлөрдү көтөрүштү: ашыкча текшерүүлөр, электрондук эсеп-фактуралар (ЭСФ) боюнча каталар жана айып пулдар, инфраструктуралык чектөөлөр (өнөр жай зоналарындагы суу маселеси), онлайн-лицензиялоодогу үзгүлтүктөр, ошондой эле чек ара райондорунда уруксат алуу жана жер пайдаланууга байланышкан кыйынчылыктар.

Бардык сунуштар ЧОИ-2030 программасынын колдоо чараларын жана иш-аракеттер планын түзүүдө эске алынат.