Жанылыктар

Бишкекте бизнести өнүктүрүүнүн векторлору аныкталды: ЧОИ-2030 Программасы боюнча стратегиялык сессиянын жыйынтыгы

2026-02-19 20:23
19-февралда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкерлигин колдоо жана өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки программасынын долбоорун талкуулоо боюнча стратегиялык сессия болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрүн, БУУӨП, ЕККУ (ОБСЕ) жана ЕӨБ (ЕБР) сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдү, эксперттерди, ошондой эле өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн башын бириктирди.

ЧОИ-2030 Программасынын негизги максаты — өзүнчө чаралардан бүткүл өлкө боюнча ишкердикти колдоонун бирдиктүү, ачык-айкын жана өлчөнө турган системасын түзүүгө өтүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, мамлекеттин, финансылык түзүмдөрдүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн аракеттерин синхрондоштурууга багытталган Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын Консорциуму түзүлгөн.

КР Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков мамлекет ишкердикти колдоону ырааттуу түрдө күчөтүп жатканын белгиледи.

«Биз так түшүнөбүз: күчтүү чакан жана орто бизнес болмоюнча, узак мөөнөттүү өсүштү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууну камсыз кылуу мүмкүн эмес. Биздин максатыбыз жөнөкөй: идеясы жана иштөөгө каалоосу бар ар бир адам жашына, аймагына же баштапкы мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, өз бизнесин баштап, аны өнүктүрө алышы керек», — деди Бакыт Сыдыков.

Бишкектеги жыйынтыктоочу талкууга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин эксперттери жана эл аралык өнөктөштөр Баткен, Ош, Талас, Нарын жана Каракол шаарларында бизнес-коомчулук менен бир катар жолугушууларды өткөрүшкөн. Регионалдык диалогдордун жүрүшүндө жергиликтүү ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланып, ЧОИ-2030 Программасынын долбооруна негиз болгон сунуштар кабыл алынган.

ЕӨБ Башкармасынын Төрагасынын орун басары Ярослав Мандрон: «Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө көмөктөшүү Евразия өнүктүрүү банкынын көңүл борборунда. Биз эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ЧОИ үчүн стратегиялык маанилүү документти — 2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну колдойбуз», — деп билдирди.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи, доктор Фолькер Фробарт белгилегендей: «Биргелешкен аракеттер менен гана туруктуу, атаандаштыкка жөндөмдүү жана инклюзивдик экономикалык өсүштү камсыз кыла ала турган ЧОИни колдоонун натыйжалуу системасын түзүүгө болот».

БУУӨПдүн КРдагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева: «Биз Кыргызстанда чакан жана орто ишкердиктин заманбап жана туруктуу экосистемасын түзүүгө салым кошуп жатканыбызга кубанычтабыз», — деп баса белгиледи.

Талкуунун алкагында бизнес өкүлдөрү колдоонун конкреттүү механизмдери боюнча алты багыттан турган жумушчу топторго катышты:

Финансылык инструменттер: жеңилдетилген кредиттөө, кепилдик механизмдерин өнүктүрүү жана инвестиция тартуу.
Аймактарды өнүктүрүү жана экспорт: аймактык демилгелерди колдоо, аймактардын адистешүүсү, айыл чарбасында кошумча наркты түзүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү тышкы рынокко чыгарууда коштоо.
Санариптик трансформация: бизнестин мамлекеттик кызматтарга жана онлайн-консультацияларга жетүүсүн жөнөкөйлөтүү үчүн «ЧОИ Хаб» платформасын киргизүү.
Укуктук коргоо: административдик тоскоолдуктарды азайтуу, жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү жана жеке менчикке кол тийбестик кепилдигин камсыз кылуу.
Инновациялар жана креативдүү экономика: аялдар ишкердигин, жаштар стартаптарын жана креативдүү экономиканы колдоо.

Сессиянын жыйынтыгында иштелип чыккан бардык сунуштар ЧОИни өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки Программасынын акыркы текстине киргизилет.

Ошондой эле msb2030.gov.kg сайтында «ЧОИ-2030» программасын талкуулоого катышып, өз сунуштарыңызды билдирсеңиздер болот.