ЧОИ-2030 программасын иштеп чыгуу башталды: сунуштар кабыл алынууда
2026-02-12 06:26
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү программасын (мындан ары - ЧОИ-2030 программасы) иштеп чыгуу аркылуу чакан жана орто ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү жаатында комплекстүү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Иштелип жаткан Программа ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзүү шарттарын жакшыртууга, ишкерлердин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, мамлекеттик жөнгө салуу жана колдоо механизмдерин өркүндөтүүгө, санариптик чечимдерди жана инновацияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле аймактык өзгөчөлүктөрдү жана ишкерликти өнүктүрүү потенциалын эске алууга багытталат.
Ишкердиктин реалдуу муктаждыктарын эске алган практикага багытталган Программаны даярдоо максатында Министрлик ишкерлер коомчулугунун, эксперттик коомчулуктун, коомдук уюмдардын жана жарандардын сунуштарын алууга кызыкдар.
Келип түшкөн сунуштар каралат жана зарыл болгон учурда ЧОИ-2030 программасын түзүүдө, ошондой эле чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын чечимдерин андан ары иштеп чыгууда эске алынат.
Программанын долбооруна карата сунуштарды, ошондой эле ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн учурдагы шарттары, учурдагы көйгөйлөр жана тоскоолдуктар, ошондой эле эң керектүү колдоо чаралары жөнүндө актуалдуу маалыматты programmamsp2030@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүүнү суранабыз.
Суроолор боюнча 0705 001 848 (WhatsApp) номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.