Талас шаарында региондогу чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү менен көчмө эксперттик жолугушуу өткөрүлүп, анда системалуу тоскоолдуктар талкууланып, 2030-жылга чейинки Чакан жана орто ишкердикти (ЧОИ) өнүктүрүү программасына сунуштар иштелип чыкты.
Региондогу талкуунун негизги багыты жеке менчикти коргоо жана бизнестин туруктуу өсүшүнө тоскоол болгон административдик бөгөттөрдү жоюу маселелерине арналды.
Талас облусунун бизнес-коомчулугу көтөргөн негизги көйгөйлөр жана демилгелер:
Таластын бизнес-коомчулугу экономиканын кластердик моделине өтүүгө даяр экенин билдирди. Регион үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттар аныкталды:
Жумушчу топтун эксперттери — ПРООН тарабынан Муктар Жумалиев жана ОБСЕ тарабынан Э. Жумабаев — бардык сунуштарды, анын ичинде мүлктүк талаштарды сотко чейинки тартипте жөнгө салуучу регионалдык механизм түзүү жана облус боюнча кластердик карта иштеп чыгуу демилгесин катташты. Жыйынтыктоочу сунуштар ЧОИ–2030 программасына интеграцияланып, Талас облусунун укуктук корголушун жана инвестициялык жагымдуулугун камсыздоого багытталат.

- Менчик укугун коргоо. Ишкерлер мыйзамдуу түрдө менчиктештирилген мүлктүн кол тийбестигине кепилдик берүүнүн өтө зарыл экенин белгилешти. Мамкаттоодо тастыкталган бардык укук берүүчү документтерине карабастан, иштеп жаткан ишканадан 6 гектар жердин алынган резонанстуу окуясы айтылды. Ушуга байланыштуу мурда таризделген менчик укуктарын кайра кароого мораторий киргизүү сунушталды.
- Каржылык жана банктык тоскоолдуктар. Ишкерлер жеңилдетилген насыяларды алууда ашыкча бюрократия бар экенин белгилешти. Банктар Эсеп палатасы тарабынан кийинки текшерүүлөрдөн кооптонуп, процесстерди көп учурда создуктурушат. Ошондой эле ККМ жана POS-терминалдар аркылуу каражаттардын эсепке кеч түшүшү айтылып, бул өзгөчө туризм тармагында акча агымындагы үзгүлтүктөргө алып келери белгиленди.
- Салыктык башкаруу. Катышуучулар чакан өндүрүүчүлөр үчүн салык отчеттуулугун жөнөкөйлөтүү жана мыйзамдардын туруктуулугун камсыз кылуу зарылдыгын баса белгилешти.
- Сертификация жана лабораториялар. Аймакта азык-түлүк жана кайра иштетүү продукциясын сертификациялоо үчүн регионалдык лабораториялардын жана атайын жайлардын жетишсиздиги курч маселе катары белгиленди. Чакан бизнес үчүн лабораториялык талаптарды жөнөкөйлөтүү сунушталды.
Таластын бизнес-коомчулугу экономиканын кластердик моделине өтүүгө даяр экенин билдирди. Регион үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттар аныкталды:
- Мал чарбачылыгы жана кайра иштетүү (сүт азыктары, сыр, эт өндүрүшү).
- Өсүмдүк өстүрүү (фасоль, картошка, мөмө-жемиштер).
- Адистешкен нишалар (балчылык, балык чарбачылыгы, самын жана сувенир өндүрүшү).
- Туризм жана мейманкана бизнеси.