2026-жылдын 22-январында Каракол шаарынын мэриясында 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү программасынын (ЧОИ-2030) долбоорун талкуулоого арналган көчмө эксперттик жыйын болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, БУУӨП жана ЕККУнун колдоосу менен түзүлгөн жумушчу топтун эксперттери, ошондой эле туризм, кайра иштетүү, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барган Ысык-Көл облусунун ишкерлери катышты.
Аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен туристтик секторго өзгөчө көңүл бурулду. Ишкерлер туризм кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту болуп эсептелсе да, тиешелүү колдоо инструменттерине жеткиликтүүлүгү жок экенин белгилешти. Ушуга байланыштуу туризмди экспортко багытталган тармак катары таанып, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген каржылык программаларды караштыруу сунушталды.
Ошондой эле ишкерлер жогорку пайыздык кредиттер, уруксат берүүчү документтерди алуудагы кыйынчылыктар, инженердик коммуникацияларга кошулуу маселелери жана кош салык салуу сыяктуу системалуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Жумушчу топтун эксперттери ЧОИ-2030 долбоорунда каралган негизги механизмдерди тааныштырышты. Алардын катарында узак мөөнөттүү кредиттөөнү камсыз кыла турган өнүгүү фондун түзүү, пайыздык чендерди төмөндөтүү үчүн ставкалар аукционунун механизмин киргизүү, ошондой эле бизнеске мамлекеттик кызматтарга жана консультациялык колдоого жетүүнү жеңилдетүүчү «ЧОИ Хаб» санариптик платформасын ишке киргизүү бар.
Караколдо айтылган бардык сунуштар иштелип чыгып, ЧОИ-2030 Программасынын акыркы версиясын түзүүдө эске алынат.