Программа реалдуу маалыматтардын негизинде иштелип чыккан. Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан 500дөн ашык ишкердин катышуусунда масштабдуу сурамжылоо жүргүзүлгөн.
Анализ көрсөткөндөй, эгерде текшерүүлөрдүн көптүгү жана каржылоонун жеткиликсиздиги сыяктуу учурдагы маселелер чечилбесе, ишканалардын 21%ы жабылып калуу коркунучунда, ал эми 19%ы ишмердүүлүктүн токтоп калуу (стагнация) тобокелдигине туш болушу мүмкүн.
Бул сценарийдин алдын алуу үчүн Программа санариптик мониторингдин катуу механизмдерин (дашборддор), жыл сайын ачык отчеттуулукту, ошондой эле бизнес-ассоциациялардын башкаруу процесстерине түздөн-түз катышуусун карайт.